Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай эмес жайларды сатыкка чыгара баштады

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай эмес жайларды сатыкка чыгара баштады

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өзүнө таандык турак жай эмес жайларды сатыкка чыгара турганын жарыялады. Билдирүүгө караганда, Объектилердин түрүнө жараша коммерциялык жайлар, цокольдук кабаттар, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар, кампа жана техникалык бөлмөлөр сунушталууда.

Аларды жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар жана уюмдар сатып ала алышат. Сатуу түз же кийин сатып алуу шарты менен ижарага берүү аркылуу жүргүзүлөт.

Маалыматка таянсак, кийин сатып алуу шарты менен ижарага алууда алгачкы төлөм кеминде 20% болушу керек. Сатып алуу мөөнөтү 4% жылдык үстөк менен 5 жылга чейин же 8% менен 10 жылга чейин белгиленет.

Объектилер жана арыз берүү тартиби тууралуу кеңири маалыматты МИКтин расмий сайтынан алууга болот.

Маалымат үчүн байланыш телефондор: 0707 988 904, 0553 988 904. 

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы