Россия Кыргызстандагы 15 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам берди
Россия Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын өткөрүп берди. Бул гумжардамды Кыргызстандагы 15 миңден ашык үй-бүлө алышы күтүлөт.
473,2 тонна байытылган ун жана 67,5 тонна майдаланган буурчакты расмий түрдө өткөрүп берүү аземи Ошто болду. Ага Россиянын башкы консулу Роман Свистин жергиликтүү орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышышты.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы коомчулук менен байланыш боюнча адиси Алмаз Чороевдин маалыматына караганда, азык-түлүк майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан же майыптыгы бар чоң кишилерге кам көргөн үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлүп берилет.
Белгилей кетсек, бул жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы колдогон социалдык коргоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында көрсөтүлүүдө.