Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун кеңешмеси өткөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Билдирүүгө караганда, кеңешменин негизги максаты – Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жумушчу топтун ишин уюштурууга байланышкан негизги документтерди карап чыгуу, жумушчу топтун курамына байланыштуу маселени талкуулоо, ошондой эле тиешелүү министрликтердин маалыматтарын угуу болуп саналат.

Ушуга байланыштуу кеңешменин алкагында тиешелүү министрликтердин маалыматтары угулуп, алар социалдык жана экономикалык тармактардагы негизги көрсөткүчтөргө токтолушту. Тагыраагы, экономикалык өсүштү камсыз кылуу, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү, медициналык жана билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча иштер тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары Бириккен Улуттар Уюмунун КРгы Туруктуу координаторунун кеңсесинин өкүлү Каныкей Орозбаева Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча бир катар жакшы көрсөткүчтөргө ээ экенин белгиледи.

Анын айтымында, туруктуу өнүгүү индексинде Кыргызстан 169 өлкөнүн ичинен 50-орунду ээледи. Ошондой эле өлкөдө Туруктуу өнүгүү максаттарына багытталган көптөгөн глобалдык демилгелер жана долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бардык тараптардын аракеттерин бириктирүү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media