Таласта жаңы ооруканалар жана перинаталдык борбор курулууда

Таласта жаңы ооруканалар жана перинаталдык борбор курулууда

Талас облусунда саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, учурда Талас шаарында перинаталдык борбордун курулушу жүрүп жатат.

Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы 25 орундуу оорукананын курулушу 74 %га аткарылган. Ал эми Бакай-Ата районунда 100 орундуу Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратынын курулушу жаңыдан башталды.

Мындан тышкары, 2027-жылы Талас облустук бириккен ооруканасынын 350 орундуу имаратын куруу пландалууда.

Ошондой эле Талас, Манас жана Айтматов райондорунун ар бирине 100 орундуу Жалпы дарыгерлер практикалык борборлорун куруу каралууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ноокат районунда 164 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Өлкөгө абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйлардын жаңы партиясы алып келинди

Нарында мыйзамсыз жайыт курулушу буздурулду

Бакай-Атада кара өрүктү кайра иштетүүчү ишкана куруу колдоого алынат

Көмүр экспортуна 6 айга тыюу салуу сунушталууда