Элдин электрондук капчыктарынан 11,5 млн сомдон ашык акчаны кымырып алгандар кармалды

Элдин электрондук капчыктарынан 11,5 млн сомдон ашык акчаны кымырып алгандар кармалды

Бишкекте электрондук капчыктардан 11,5 млн сомдон ашык каражатты мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча төрт шектүү кармалды. Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө электрондук капчыкты пайдалануу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы аныкталды.

ИИМдин алдын ала маалыматтары боюнча, бир нече электрондук транзакцияларды жүргүзүү аркылуу жалпы суммасы 11 млн 535 миң 131 сомду түзгөн акча каражаттары мыйзамсыз чыгарылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында төрт жаран кармалды. Алар: Ш.А.Т., 2004-жылы туулган; К.Н.Н., 2004-жылы туулган; Ш.Т.Ш., 1996-жылы туулган жана Т.Б.А., 1996-жылы туулган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле кармалган ар бир жарандын аракеттерине укуктук баа берүү максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМ - электрондук капчыктарды жана төлөм системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чүйдөгү абакта электр прожекторлорун өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди

Түп районунда 750 орундуу мектеп курулууда

Жарандардын кайрылууларын кароо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Чүйдө мамлекеттик унаа лабораториясы ачылды

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4,5 миллионго жакындады