Дүйнөлүк азык-түлүк баалары: октябрда 1,2% төмөндөдү

Дүйнөлүк азык-түлүк баалары: октябрда 1,2% төмөндөдү

2026-жылдын октябрында дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын индекси сентябрь айына салыштырмалуу 1,2% төмөндөдү. Буга дан эгиндерине, этке жана сүт азыктарына болгон эл аралык баалардын арзандашы таасир эткен. Ошол эле учурда канттын баасы кескин өскөн. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) билдирди.

FAOнун дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын индекси октябрда орточо 133,9 пунктту түздү. Бул сентябрдагы кайра каралган көрсөткүчтөн 1,6 пунктка же 1,2% төмөн. Бирок жылдык салыштырууда индекс 5,9% жогору бойдон калууда.

Кайсы азык-түлүктөр арзандады?

FAOнун маалыматына ылайык, октябрда дан эгиндеринин баа индекси сентябрга салыштырмалуу 4,5% төмөндөгөн. Буга буудайга болгон эл аралык суроо-талаптын солгундашы жана өндүрүш боюнча божомолдордун жакшырышы себеп болгон. Айрыкча Аргентинада түшүмдүн көлөмү көбөйүшү күтүлүүдө.

  • Жүгөрүнүн дүйнөлүк баасы да сентябрдагы акыркы үч жылдык чокусунан төмөндөгөн. Буга АКШдагы түшүм жыйноого байланышкан көйгөйлөр, Түштүк Американын негизги экспорттоочу өлкөлөрүндө жетиштүү сунуш болушу күтүлүп жатканы жана Кара деңиз аймагындагы чыңалуунун басаңдашы мүмкүн деген божомолдор таасир эткен.
  • Ал эми күрүчтүн баа индекси 1,6% өскөн. Айрым экспорттоочу өлкөлөрдө түшүм жыйноонун кечеңдеши жана аба ырайынын жагымсыз шарттары баанын жогорулашына түрткү берген.
  • Эттин баа индекси 1,2% төмөндөгөн. Чочко, кой жана уй эти арзандаса, канаттуулардын этинин баасы негизинен туруктуу калган.
  • Сүт азыктарынын баа индекси 1,1% азайган. Буга сары май менен сырдын эл аралык бааларынын төмөндөшү себеп болгон. Бул арзандоо кургак сүттүн баасынын өсүшүнөн жогору болгон.

Октябрда канттын баасынын индекси төртүнчү ай катары менен жогорулап, 2024-жылдын декабрынан берки эң жогорку деңгээлге жетти. Сентябрга салыштырмалуу 6,6%, ал эми былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,8% өстү.

FAO муну Бразилиянын кант камышы көп өстүрүлгөн Борбордук-Түштүк аймагында жаан-чачындан улам түшүм жыйноо жана кайра иштетүү иштеринин үзгүлтүккө учурашы менен түшүндүрөт. Мындан тышкары, Индияда, Европа биримдигинде жана Таиландда 2026/27-жылкы сезондо кант өндүрүү боюнча белгисиздик да баанын өсүшүнө таасир эткен.

Ошондой эле өсүмдүк майларынын баа индекси октябрда 0,3% жогорулаган. Соя жана күн карама майы кымбаттаса, рапс майы арзандаган.

41 өлкө азык-түлүк боюнча тышкы жардамга муктаж

FAOнун 2026-жылдын ноябрь айындагы “Түшүм жана азык-түлүк коопсуздугунун абалы” аттуу баяндамасында дүйнөдө 41 өлкө жана аймак азык-түлүк менен камсыздоо боюнча тышкы жардамга муктаж экени белгиленген. Алардын 31и Африкада жайгашкан.

Төмөн жана орто кирешелүү, азык-түлүк тартыштыгына дуушар болгон өлкөлөрдө 2026-жылы дан өндүрүшү болжол менен 126,5 млн тоннаны түзүшү мүмкүн. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн жана акыркы беш жылдык орточо деңгээлден 2% жогору.

Ошол эле учурда FAO куралдуу жаңжалдар менен туруксуздук азык-түлүк коопсуздугуна негизги коркунуч бойдон калып жатканын белгилейт. Эль-Ниньо кубулушуна байланыштуу кургакчылык, аптаптуу ысык, суу ташкындары жана бороон-чапкындар айрым аймактарда абалды дагы оорлотушу мүмкүн.
FAOнун маалыматына караганда, аба ырайындагы кескин өзгөрүүлөрдүн таасири өлкөлөрдүн соода жана саясаттагы чечимдерине да байланыштуу. Ачык соода азык-түлүк жеткирүүдөгү тобокелдиктерди азайтууга жардам берсе, экспортко чектөөлөр киргизүү жеткирүү көйгөйлөрүн күчөтүшү мүмкүн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Элдин электрондук капчыктарынан 11,5 млн сомдон ашык акчаны кымырып алгандар кармалды

Чүйдө мамлекеттик унаа лабораториясы ачылды

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4,5 миллионго жакындады

Президент Пакистанга жаңы элчи дайындады

Мамлекеттик автомектептерге 70 жаңы автоунаа тапшырылды