10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде, 2026-жылдын алгачкы 10 айында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү белгиленген пландын 102,7 % түзгөндүгүн билдирди. Кирешелер жалпысынан 669,6 млрд сомду түзүп, бул болжолдонгон көрсөткүчтөн 17,3 млрд сомго көп болду.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик салык кызматы 288,5 млрд сом чогултуп, белгиленген пландын 102,7 % аткарган. Мамлекеттик бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултуп, пландын 104,1 % түздү.

МинКаб Төрагасы жылдын аягына чейин ушул оң динамиканы сактап калуу, бюджеттик кирешелердин толук чогултулушун камсыз кылуу, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын өз убагында жана натыйжалуу пайдаланылышына кепилдик берүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйында экономиканын ар түрдүү тармактарындагы компаниялардын 1086 өкүлүнүн жоопторуна негизделген Сатып алуу менеджерлеринин индекси (PMI) боюнча акыркы сурамжылоонун жыйынтыктары каралды. Бул сурамжылоо беш жолу — 2024-жылдын октябрында, 2025-жылдын март жана октябрь айларында, ошондой эле 2026-жылдын апрель жана октябрь айларында — өткөрүлгөн.

2026-жылдын октябрь айында - Кыргызстандагы ишкердик активдүүлүк индекси 58,7 пунктту түздү. Бул ошол эле жылдын апрель айындагы көрсөткүчкө (58,1 пункт) салыштырмалуу 0,6 пунктка көп, 50 пункттан жогору болгон көрсөткүч экономиканын реалдуу секторундагы ишкердик активдүүлүктүн өсүшү уланып жатканын билдирет.

Изилдөөгө төмөнкү тармактардын өкүлдөрү камтылган: айыл чарба, соода, кызмат көрсөтүү, транспорт, өнөр жай, туризм, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана курулуш.

Эң жогорку көрсөткүчтөр “өндүрүш”, “жеткирүү” жана “жаңы буйрутмалар” компоненттери боюнча катталган. Өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнө - өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү, курулуш жана инвестициялык активдүүлүк, ошондой эле ички суроо-талаптын жогорулашы кирди.

Салыштыруу үчүн, ишкердик активдүүлүк индекси:

  • Россияда 49,8 пунктту,
  • Казакстанда 46,4 пунктту,
  • Германияда 54,2 пунктту,
  • Кытайда 52,1 пунктту түздү.
Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга чакан жана орто ишканаларды колдоо боюнча системалуу аракеттерди улантууну, жеңилдетилген каржылоо механизмдерин өркүндөтүүнү, административдик тоскоолдуктарды азайтууну жана бизнес жана экспорттук активдүүлүктү стимулдаштыруу чараларын кеңейтүүнү тапшырды.

Ошондой эле, күзгү талаа иштеринин жүрүшү каралды. Жооптуу кызмат адамдарына көрүлгөн чаралар, аймактардагы абал жана мүмкүн болуучу кыйынчылыктар тууралуу маалымат берүү милдети жүктөлдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды

Кыргызстандык ишкана Кытайдан өндүрүш жабдууларын алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда