"Ак Жорго" гараждарын бошотуу мөөнөтү узартылды

"Ак Жорго" гараждарын бошотуу мөөнөтү узартылды

Бишкектеги "Ак Жорго" гараж кооперативинин ээлерине гараждарын өз ыктыяры менен демонтаждоо үчүн 2027-жылдын 1-мартына чейин кошумча убакыт берилди. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, гараждар жайгашкан 2,183 гектар муниципалдык жер тилкеси мектеп жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн 25 жылга убактылуу пайдаланууга берилген.

Тиешелүү чечим жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия тарабынан 2026-жылдын 7-сентябрында кабыл алынган.

Буга чейин жер тилкесин 2026-жылдын 7-декабрына чейин бошотуу боюнча милдеттенме берилген. Бирок гараж ээлеринин кайрылуулары эске алынып, демонтаждоо мөөнөтү узартылды.

Жер тилкеси бошотулгандан кийин инвестор долбоорлоо жана курулуш иштерине кирише алат.

Келишимге ылайык, курулуш иштери жер тилкеси берилген күндөн тартып 3 жыл ичинде аякташы керек. Андан соң курулган объект менен кошо жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлөт. Мөөнөтүндө курулуш жүргүзүлбөсө, жер тилкеси шаарга кайтарылат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Спорт агенттигине 21 кызматтык унаа тапшырылды

Өзгөндө 13,9 млн сомго спорт аянтчасы ачылды

Кыргызстан - Словения кызматташтыгы талкууланды

Россияда Кыргыз жаранына 988 миң рубль эмгек акысы төлөнүп берилди