Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды
Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы Алымбек Датка көчөсүндө, Курук-Сай аркылуу өтүүчү жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, көпүрөнүн ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, шаар мэринин орун басары Алихан Ураимов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жаңы көпүрөнүн узундугу 18 метр, туурасы 12 метр, бийиктиги 3,6 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулган.
Курулуш Баткен облустук өнүктүрүү фондунан каржыланып, жалпы 27 млн сомго бүткөрүлдү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу