Түптө 5 жылда 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлдү

Түптө 5 жылда 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлдү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Маалымдалгандай, акыркы беш жылда райондо 55 жаңы ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2 эседен ашык өскөн.

Ошондой эле мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди жана спорттук объектилерди камтыган 128 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилген. Жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында 193,5 чакырым жол асфальтталган.

Учурда райондо "Күрмөнтү" цемент заводун, Түп ГЭСин жана агрологистикалык борборду куруу сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто Ак-Бууранын жээгине дагы 2 чакырымга жакын веложол курулду

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө