Ошто Ак-Бууранын жээгине дагы 2 чакырымга жакын веложол курулду

Ошто Ак-Бууранын жээгине дагы 2 чакырымга жакын веложол курулду

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери уланууда. Бул ирет дарыянын жээгине жөө жүргүнчүлөр жана велосипед сүйүүчүлөрү үчүн узундугу 2 чакырымга жакын жаңы жол курулду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы веложол Ак-Буура сейил багынан башталып, Токтогул сейил багына чейин созулуп, Б. Осмонов көчөсүнө түз чыгат.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев велоспорт сүйүүчүлөрү менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту.

Шаар башчысы мындан ары да жөө жүргүнчүлөр, велосипед сүйүүчүлөрү жана шаар тургундары үчүн сейилдөөгө, эс алууга жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери улантыларын белгиледи.

Жаңы жол шаар тургундарынын эс алуу жана велосипед тебүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти