Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады
Кыргызстан менен Азербайжан айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу багытындагы кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө караганда, 31-БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын (COP31) алкагында Кыргызстандын жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Рашад Сахил оглы Исмайылов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда 2022-жылы Бишкекте кол коюлган экология тармагындагы кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун, ошондой эле 2024-жылы Бакуда кабыл алынган аны ишке ашыруу боюнча протоколдун аткарылышы талкууланды.
Кыргыз тарап биргелешкен жумушчу топтун ишин жандандырууну, анын алгачкы жыйынын онлайн форматта өткөрүүнү жана биргелешкен иш-чаралардын так планын макулдашууну сунуштады.
Мындан тышкары, Акыл Токтобаев климаттын өзгөрүшү шартында калктын мобилдүүлүгү боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышты. Анда тоо экосистемаларын сактоо, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу, калктуу конуштардын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу жана табигый кырсыктарды эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.
Министр климаттын өзгөрүшүнүн социалдык кесепеттерин, өзгөчө калктын аялуу катмарларына тийгизген таасирин эске алуу зарылдыгын белгиледи.