Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди
Бүгүн таңкы саат 04:42де Ош шаарындагы Уста Абдухалил көчөсүнүн №31 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 бөлүмү жана штаб тартылган. Өрт саат 05:20да чектөөгө алынып, үйдүн ичинен 2013, 2016 жана 2018-жылы туулган үч баланын сөөгү табылган.
Ошондой эле үй ээси, 1991-жылы туулган эркек киши денесинин болжол менен 60 %ы күйүк алып, ооруканага жеткирилген.
Өрт саат 07:57де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын жалпы аянты 120 чарчы метрди түзгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу