Айылдарды өнүктүрүү үчүн 1,5%дык насыя берилет
Айыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго 1,5%дык насыя берилет. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, насыя жарандарга же ишкерлерге түздөн-түз берилбейт. Ал коомдоштуктардын демилгеси боюнча көтөрүлгөн улуттук долбоорго бөлүнөт.
Насыянын мөөнөтү 25 жылды түзөт. Анын ичинен 5 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат. Долбоорлорду 2027-2031-жылдары ишке ашыруу шарт.
- Айылдардагы социалдык-экономикалык инфраструктураны жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга;
- Жергиликтүү ишкердикти, өндүрүштү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө;
- Аялдар менен жаштардын жумуш менен камсыз болуу жана киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө;
- Ишкердик көндүмдөргө окутууга жана консультациялык колдоо көрсөтүү
Мындан улам Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 20 млн доллар өлчөмүндө кошумча каржылоо тартуу каралууда. Кошумча каржылоонун эсебинен долбоор камтыган айыл аймактарынын санын 40тан 61ге жеткирүү пландалууда. Жаңы айыл аймактарынын акыркы тизмеси тиешелүү комиссия тарабынан бекитилмекчи.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу