Бишкек жана Тбилиси шаарларынын кызматташтыгы сүйлөшүлдү

Бишкек жана Тбилиси шаарларынын кызматташтыгы сүйлөшүлдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Леван Диасамидзе менен жолугушту. Бул тууралуу 27-ноябрда калаа мэриясынан билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар Бишкек жана Тбилиси шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэри Леван Диасамидзени элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, достук мамилелерди чыңдоого, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана муниципалитеттер аралык түз байланыштарды кеңейтүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Грузиянын элчиси Бишкек шаары менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле ал муниципалитеттер аралык байланыштарды чыңдоонун, тажрыйба алмашуунун жана маданият, туризм, шаардык өнүгүү багыттарында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бажы кызматы 200 миллиард сом чогултууну көздөп жатат

Сосновкада жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Топтомо пенсиялык каражат кимге берилет жана кайсы учурларда алууга болот?

Жалбырак өрттөгөндөргө 7 500 сомго чейин айып пул салынат

Алтындын унциясы 320 миң сомдон сатылууда