Бажы кызматы 200 миллиард сом чогултууну көздөп жатат
Бажы кызматы 2026-жылдын аягына чейин 200 миллиард сом чогултууну көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы бажычысы Улан Кимсанов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында кабарлады.
Төраганын айтымында, быйылкы жылга негизи 142 миллиард 300 миллион сом план коюлган.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, ушул жылдын 10 айында Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултуп, пландын 104,1 % түздү.
"Азыркы учурда план 187 миллиард сомдон ашыгы менен бекитилди. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү менен анализ жүргүзүлдү. Ага ылайык, болжолдуу планды 197 миллиард сомго жеткире турган мүмкүнчүлүгүбүз бар экен", - деди Кимсанов.
Ошондой эле ал планды 200 миллиард сомго жеткирүүнү көздөп жатканын кошумчалады.
Жыйында бул боюнча мекеменин тиешелүү кызматтарына тапшырмалар берилди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу