Сосновкада жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди
Бишкек–Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө бүгүн саат 11:15тен тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка постунда күчүнө кирди.
Мындай чечим жол кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана тыгындарды болтурбоо максатында кабыл алынган.
Кошумча маалымат берилери кабарланды. ӨКМ айдоочуларды жол эрежелерин сактап, аба ырайын эске алууга чакырат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу