Кыргызстандын беш компаниясы Стамбулдагы "Халал Экспо - 2026" көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстандын беш компаниясы Стамбулдагы "Халал Экспо - 2026" көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстандын адал жана органикалык продукция өндүргөн беш компаниясы Стамбул шаарында өтүп жаткан "Халал Экспо — 2026" эл аралык көргөзмөсүндө өз товарларын сунуштоодо. Иш-чара 25–28-ноябрда, ал эми 12-Дүйнөлүк адал саммити 25–27-ноябрда өтүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, көргөзмөгө "Тойбосс", "Алайку Органикс", "Салих ЛТД", "Шоро" жана "Дары Тянь-Шаня" компаниялары катышууда. Алар колбаса азыктарын, улуттук суусундуктарды, сары май, курут, мөмө-жемиш батончиктерин жана балчылык продукцияларын көрсөтүүдө.

Иш-чаранын алкагында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын өнүктүрүү борбору Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология институту (SMIIC) жана Сауд Арабиясынын Мамлекеттик инвестициялык фондунун портфелине кирген Elm компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол койду.

Кызматташтык адал индустриясындагы мамлекеттик порталдын маалыматтарын санариптик интеграциялоого жана кыргыз продукциясын Перс булуңундагы өлкөлөрдүн премиум рынокторуна экспорттоого шарт түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен адал продукцияны сертификациялоо, стандарттарды Кыргызстанда колдонуу жана бул тармак үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо маселелери талкууланды.

Көргөзмөгө дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 225тен ашык ишкана, уюм жана мамлекеттик орган катышууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек жана Тбилиси шаарларынын кызматташтыгы сүйлөшүлдү

Бажы кызматы 200 миллиард сом чогултууну көздөп жатат

Сосновкада жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Топтомо пенсиялык каражат кимге берилет жана кайсы учурларда алууга болот?

Жалбырак өрттөгөндөргө 7 500 сомго чейин айып пул салынат