Топтомо пенсиялык каражат кимге берилет жана кайсы учурларда алууга болот?

Топтомо пенсиялык каражат кимге берилет жана кайсы учурларда алууга болот?

Кыргызстанда жарандар пенсия курагына жеткенде гана эмес, айрым башка жагдайларда да жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон пенсиялык каражаттарын ала алышат. Социалдык фонд топтолмо пенсияны алууга мүмкүн болгон учурларды түшүндүрүп берди.

Топтомо пенсия –жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында жарандын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган каражат болуп саналат. Аны пайдалануу мыйзамда белгиленген шарттарга жараша жүргүзүлөт.

1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү

Пенсия курагына жетип, мыйзамга ылайык пенсия алууга укук алган жарандар жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон каражаттарын ала алышат. Башкача айтканда, пенсиянын негизги бөлүгүнөн тышкары, адамдын эсебинде топтолгон каражат да өзүнчө төлөнүп берилет.

2. Чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткенде

Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кетип жаткан же буга чейин көчүп кеткен жарандар да өздөрүнүн жеке камсыздандыруу эсебинде сакталган пенсиялык топтомдорун алууга укуктуу. Бул мүмкүнчүлүк өлкөдөн туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен жарандарга тиешелүү.

3. Камсыздандырылган адам каза болгондо, мураскорлорго

Эгер пенсиялык топтомдору бар камсыздандырылган жаран каза болсо, анын жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон каражаты мураскорлоруна өткөрүлүп берилет. Бул демекчи, каражаттар адам каза болгондон кийин да жоголбойт жана мыйзамдуу мураскорлоруна чегерилип берилет.

4. Аскер кызматкерлерине

Аскердик кызмат өтөгөн мезгилде Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөйт. Бирок аскер кызматкеринин кызматка чейин же андан кийин жарандык тармакта иштеп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн мезгили болсо, пенсия курагына жеткенде топтолгон каражаттарын алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн анын жеке эсебинде каражат болушу керек.

5. Ипотекалык насыялоого

Ипотекалык насыя алып жаткан же алган адамдар, алардын жубайлары жана “МИК” ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар ала алышат. Ошондой эле банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөр, пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

6. Жумушсуздукка

Расмий жумушсуз деп таанылган жарандар пенсиялык топтомо эсебинде каражаттары бар болгон шартта, эмгекке жарамдуу калк үчүн белгиленген жашоо минимумунан ашпаган өлчөмдө, үч айдан ашпаган мөөнөттө, ай сайын бир жолудан топтомдорун алууга укуктуу.

7. Оор ооруларды дарылоого

Оор ооруга чалдыккан жарандар (пенсиялык топтоолорду мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген тизмеге ылайык), ошондой эле алардын жубайлары, балдары жана ата-энелери дарылануу үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу.


Топтолмо пенсияны алуу шарттары жана керектүү документтер тууралуу толук маалыматты Социалдык фонддун расмий сайтынан алууга болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалбырак өрттөгөндөргө 7 500 сомго чейин айып пул салынат

Алтындын унциясы 320 миң сомдон сатылууда

Бажы тариздөө жол-жобосу 3 мүнөткө чейин кыскарды

Адвокаттарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам үчүн төлөнүүчү акы эки эсеге көбөйөт

2 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясынын аракети токтотулду