Кыргызстан Түрк инвестициялык фонду менен кызматташтыкты кеңейтет
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк инвестициялык фондунун президенти Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушуп, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, өкмөт башчы Кубанычбек Өмүралиевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын тажрыйбасы Фонддун максаттарын ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Жолугушууда Түрк инвестициялык фондунун мүчө мамлекеттер ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодо, инвестиция тартууда жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы ролу белгиленди.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан Фонд менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, өлкөнүн экономикасындагы артыкчылыктуу тармактарга каржы ресурстарын тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Кубанычбек Өмүралиев Фонддун келечектеги ишмердүүлүгү боюнча көз карашын билдирип, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштары менен бөлүштү.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу