Өлкөдө балдарга багытталган бюджеттик чыгымдар өзүнчө белгиленет
Бишкекте балдардын укуктарын коргоого жана алардын жыргалчылыгын камсыздоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды так эсепке алуу маселеси талкууланды. Бул үчүн "Казна.Бюджет" системасында балдарга багытталган чыгымдарды атайын белгилөө сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаеванын демилгеси менен Финансы министрлиги жана ЮНИСЕФтин биргелешкен тегерек столу өттү.
Иш-чарага Финансы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Билим берүү, Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр катышты.
Асель Чынбаева белгилегендей, балдардын укуктарын камсыздоо мамлекеттик бюджетте даана чагылдырылышы керек. Анын айтымында, акыркы жылдары бул багытта бир катар иштер аткарылды. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 550 социалдык кызматкердин штаттык бирдиги киргизилип, алар өлкө боюнча иш алып барууда.
Мындан тышкары, тоолуу аймактарда үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул берилип, быйыл бардык балдар үчүн "Бала ырысы" универсалдуу жөлөкпулу киргизилген. Учурда аны чейрек миллиондон ашуун бала алууда.
Ошол эле учурда балдардын жыргалчылыгы жөлөкпулдар менен гана чектелбей турганы белгиленди. Ага эне менен баланын саламаттыгы, тамактануу, эрте өнүгүү, сапаттуу билим берүү, үй-бүлөнү социалдык коргоо жана зомбулуктан сактоо сыяктуу багыттар кирет.
Тегерек столдо балдарга багытталган чыгымдарды маркировкалоо механизми да түшүндүрүлдү. Ага ылайык, бюджеттик системада мындай чыгымдар атайын белги менен белгиленип, ар кайсы мамлекеттик мекемелер бөлгөн каражаттарды бир жерден көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул каражаттардын көлөмүн, жетиштүүлүгүн жана өзгөрүшүн көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
Ушуга байланыштуу пилоттук маркировканы алгач майыптыгы бар балдарды колдоого бөлүнгөн каражаттардан баштоо сунушталды.