2027-жылы ЕАЭБ органдарына Кыргызстан төрагалык кылат
Россияда өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынында 2027-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарына төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга жүктөлөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.
Билдирүүгө караганда, жыйынга Россия Федерациясына жумуш сапары менен барган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.
Жыйындын күн тартибинде евразиялык экономикалык интеграциянын негизги багыттарын камтыган 48 маселе каралды. Анда соода-экономикалык кызматташтык, өнөр жай, энергетика жана ЕАЭБ алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.
Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечим долбоору жактырылып, ага ылайык, 2027-жылы Биримдиктин органдарында төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт.
Ошондой эле ЕАЭБ алкагында органикалык продукцияны таануу тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Документке ылайык, мүчө мамлекеттер органикалык продукциянын сертификаттарын өз ара тааный алышат. Бул мындай продукцияларды жалпы рынокто сатууга шарт түзүп, өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.
Мындан тышкары, Кеңеш синтетикалык жуугуч каражаттардын жана тиричилик химиясынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентти кабыл алды.
Анда аталган продукцияларга карата бирдиктүү коопсуздук талаптары, шайкештикти баалоо, идентификациялоо жана маркировкалоо эрежелери белгиленген. Техникалык регламент 2032-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Жыйындын соңунда күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.