Бишкекте жыл ичинде 1917 трансформатор оңдолду

Бишкекте жыл ичинде 1917 трансформатор оңдолду

Бишкекте жыл ичинде 1917 трансформатор оңдолду жана жаңы жогорку чыңалуудагы көмөк чордон курулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында комплекстүү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүздү.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылган негизги иштер:

  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 47 көмөк чордондун жабдуулары оңдолду;
  • 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 1917 трансформатордук көмөк чордондор (ТП) оңдолду;
  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 560 км жана 10–0,4 кВ чыңалуудагы 2175 км электр аба чубалгылары оңдолду;
  • 10–0,4 кВ чыңалуудагы 891 км кабелдик чубалгылар текшерилип жана оңдолду;
  • 2850 "акылдуу" эсептегичтер орнотулду;
  • 87 км электр аба чубалгылары СИП-2 менен, 31 км кабелдик чубалгылар жана 32 км СИП-3 менен алмаштырылды;
  • 33 трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.
Аны менен катар, Бишкекте 2025-жылы 110/10 кВ "Мурас" аттуу жогорку чыңалуудагы көмөк чордон курулуп, төмөнкү заманбап жабдуулар менен жабдылган:
  • 40 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор;
  • 110 кВ элегаз өчүргүчтөр жана ажыраткычтар;
  • 10 кВ тышкы орнотуудагы комплекттик бөлүштүрүү түзүлүшү (КРУН).

Бул иштер күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media
Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды. Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун

Ишкер Media