Быйыл Жалал-Абадда 726 чакырым аба чубалгысы жаңыланат

Быйыл Жалал-Абадда 726 чакырым аба чубалгысы жаңыланат

2026-2027-жылдардагы күз-кышка даярдык жана электр тармагын жаңылоого багытталган реформанын алкагында Жалал-Абад облусунда жалпы 35–500 кВ чыңалуудагы 726 чакырым аба чубалгысы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жаңылоо иштери Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Иш-чаралар "КУЭТ" ААКнын өздүк каражатынын эсебинен аткарылат.

Быйыл оңдолуп-түзөлө турган аба чубалгысы төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:

  • Манас шаары — 46 чакырым
  • Сузак району — 150 чакырым
  • Ноокен району — 118 чакырым
  • Кочкор-Ата шаары — 12 чакырым
  • Таш-Көмүр шаары — 34 чакырым
  • Базар-Коргон району — 70 чакырым
  • Базар-Коргон шаары — 18 чакырым
  • Аксы району — 43 чакырым
  • Ала-Бука району — 60 чакырым
  • Токтогул району — 91 чакырым
  • Токтогул шаары — 12 чакырым
  • Кара-Көл шаары — 44 чакырым
  • Чаткал району — 13 чакырым
  • Майлуу-Суу шаары — 15 чакырым

Мындан тышкары, пландалган иштерге төмөнкүлөр кирет:

10 541 даана изолятор алмаштыруу
798 даана вибрацияны басаңдатуучу түзүлүш орнотуу
198 даана канаттуулардан коргоочу КЗ-70 үлгүсүндөгү жапкыч коюу
Мамычаларга жетүүчү 70 чакырым жолду калыбына келтирүү

Бул иш-чаралар электр энергиясынын туруктуулугун камсыз кылуу жана электр тармагын заманбап стандарттарга жеткирүү максатында жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө жалпы узундугу 1377 метр болгон жабык дренаж системасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы сметалык баасы 11 млн 899 миң 720 сомду түзөт. Учурда 600 метр аралыкта казуу иштери жүргүзүлүп, бардык иш-аракеттер белгиленген тартип боюнча уланууда.

Чүйдө уруксатсыз иштеген 4 объекттин ээлерине айып салынды

Чүйдө уруксатсыз иштеген 4 объекттин ээлерине айып салынды

Жайыл районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз иш алып барган төрт объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы жүргүзгөн. Мыйзам бузуу "Турук" туристтик борборунда, автоунаа жуучу жана май алмаштыруучу жайда, тейлөө

Таш-Көмүрдө эски көпүрөнү заманбап эс алуу жайына айландыруу пландалууда

Таш-Көмүрдө эски көпүрөнү заманбап эс алуу жайына айландыруу пландалууда

Таш-Көмүр шаарындагы пайдаланылбай калган "Капитальная" көпүрөсүн кайра жандандырып, туристтик объектке айландыруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан даярдалган. "Капитальная" көпүрөсү

Нарындын алты айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү талкууланды

Нарындын алты айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү талкууланды

Нарын облусунда 2026-жылдын январь-июнь аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары каралып, алдыдагы милдеттер белгиленди. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облустук коллегиянын кезектеги отурумунда ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаровдун төрагалык кылды. Жыйында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү, аткарылган иштер жана чечүүнү талап кылган маселелер боюнча маалымат беришти.