Нарын электр тармактары быйыл 5 316 темир-бетон продукциясын чыгарууну пландоодо

Нарын электр тармактары быйыл 5 316 темир-бетон продукциясын чыгарууну пландоодо

"КУЭТ" ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын темир-бетон буюмдарын чыгаруучу цехтери 2026-жылы 5316 даана темир-бетон продукциясын өндүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө аталган цехтетерде стандарттын негизинде өндүрүш иштери ырааттуу жүрүп, жыл башынан бери 800 даана темир-бетон СВ-95, СВ-105, СВ-110, СВ-164 тибиндеги мамылар, шакекче, кабелдик каналдар жана трансформатордун алдына коюлуучу тирөөчтөр даярдалып чыгарылды. Бул көрсөткүч өндүрүш кубаттуулугунун туруктуу жана иштин жогорку деңгээл менен жүргүзүлүп жатканын белгилейт.

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата 1500 даана темир-бетон мамыларын өндүрүү пландалган. Бирок ишкананын жамааты коюлган милдетти мөөнөтүнөн мурда аткарып, кошумча дагы 1000 даана мамы өндүрүүгө жетишкен. Натыйжада жалпы 2500 даана темир-бетон мамылары чыгарылып, пландалган көрсөткүч олуттуу түрдө ашыгы менен аткарылган.

Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы аймактагы электр тармактарын реконструкциялоо жана жаңылоо иштерин өз убагында камсыз кылууга шарт түзүүдө. Ошондой эле бул аракеттер энергетикалык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн арттырып, керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media