Караколдо "Күн батыш" көмөк чордонунда кошумча трансформатор орнотулат

Караколдо "Күн батыш" көмөк чордонунда кошумча трансформатор орнотулат

2026-жылы апрель айында Каракол шаарындагы 110/10 кВ “Күн батыш” көмөк чордонуна кошумча күч трансформатору орнотулат. Бул иш-чара Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоо жана модернизациялоо боюнча тапшырмасынын алкагында аткарылат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Модернизациянын алкагында төмөнкү иштер пландалган:

  • Кубаттуулугу 10 МВА болгон экинчи күч трансформаторун орнотуу;
  • 110 кВ элегаз өчүргүчүн монтаждоо;
  • 10 даана вакуумдук өчүргүчтөрү бар 10 кВ КРУН жабдуусун орнотуу.

Учурда көмөк чордондо кубаттуулугу 16 МВА болгон бир трансформатор иштеп жатат. Кошумча трансформатордун орнотулушу менен жалпы кубаттуулук 26 МВАга жетет.

Акыркы жылдары керектөөчүлөрдүн саны туруктуу өсүүдө: эгер 2023-жылы 4400гө жакын абонент электр энергиясы менен камсыздалса, бүгүнкү күндө алардын саны 4625ке жетти. Кошумча трансформатор электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жабдууларга түшкөн жүктү азайтууга жана абоненттерди сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.

Долбоор "КУЭТ" ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат жана Каракол шаарынын энергосистемасын өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media