Ишкердикти колдоо максатында 6 млрд 781,7 млн сом насыя берилди

Ишкердикти колдоо максатында 6 млрд 781,7 млн сом насыя берилди

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “АБанк” ААКнын биргелешкен ишинин алкагында өлкөнүн агроөнөр жай комплексин, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоого багытталган мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларын ишке ашыруунун алкагында олуттуу жыйынтыктар камсыздалды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы алты айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик программалардын алкагында жалпы 4 457 насыя берилип, алардын жалпы суммасы 6 млрд 781,7 млн сомду түздү. Ал эми программалар боюнча каралган жалпы каржылоо көлөмү 9 млрд 790 млн сомду түзөт.

2026-жылдын алты айында төмөнкү мамлекеттик программалар боюнча каржылоо жүргүзүлдү:

“Айыл чарбасын каржылоо – 14” программасынын алкагында 3 846 насыя берилип, жалпы 2 млрд 530,8 млн сом каржыланды;

Агроөнөр жай комплексин кредиттөө программасы боюнча кайтарым каражаттардын эсебинен 375 насыяга 1 млрд 498,3 млн сом бөлүндү;

“Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү”программасынын алкагында 3%дык жеңилдетилген үстөк чен менен 47 насыя берилип, 176,1 млн сом каржыланды;

Чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген насыяпрограммасы аркылуу 180 долбоорго 2 млрд 528,2 млн сом берилди;

Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо программасы боюнча 8 насыяга 46,8 млн сом багытталды;

Үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү программасынын алкагында 1 долбоорго 1,5 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.
Мындан тышкары, Эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында 750 млн сомдук каржылоо каралып, долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Министрлик менен “АБанк” ААК тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишкердикти колдоого, асыл тукум мал чарбасын, үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.

 

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүн республикалык ишембилик өттү

Бүгүн республикалык ишембилик өттү

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлери масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышты. Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, ошондой эле

Ишкер Media
Таласта «Манас Деми – 2026» кайрымдуулук жарышы өттү

Таласта «Манас Деми – 2026» кайрымдуулук жарышы өттү

Бүгүн, Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде "Манас Деми – 2026" кайрымдуулук жарышы болуп өттү. Жарышка Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жөө күлүктөр, үй-бүлөлөр, күйөрмандар жана башка коноктор катышты. Жарышка катышуучулар 21,1 км, 10 км жана 3 км аралыкта күч сынашты. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жарыш

Ишкер Media
Свердлов районунда тургундар менен жергиликтү бийликтин өкүлдөрү жолугушту

Свердлов районунда тургундар менен жергиликтү бийликтин өкүлдөрү жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде Свердлов районундагы Ак-Жар конушунун тургундары менен Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын  жолугушуусу  өттү. Жолугушууга Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын курамына кирген аймактарды өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер жергиликтүү тургундар менен биргеликте талкууланды. Айрыка

Ишкер Media
Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтойт

Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтойт

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы суу алгычтарда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын маалымдады. Билдирүүгө караганда, 22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы

Ишкер Media