Жаштардын 10 долбооруна 200 миң сомго чейинки гранттар берилди

Жаштардын 10 долбооруна 200 миң сомго чейинки гранттар берилди

13-августта "Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарада министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков мыкты деп табылгандарга 200 миң сомго чейинки каржылык колдоо көрсөтүлгөн гранттык сертификаттарды тапшырды.

Маалыматка ылайык, конкурстук комиссиянын чечими 11-июлда кабыл алынган. Анын жыйынтыгында 10 долбоор жеңип чыккан.

Алар:

1. Бегалы Мейлишов — "Fulcrum" фестиваль-кароо-сынагы;
2. Артур Камил уулу — "Bilimai.kg" кароо-сынагы;
3. Жумакан Убайдуллаева — "БАЛДАР ДҮЙНӨСҮ" балдардын чакан куурчак театры;
4. Адеми Эсенбекова — "Алтын уюк" бал өндүрүү долбоору;
5. Жылдызбек Кабылбек уулу — "Житит жолу";
6. Алия Достаналиева — "100 лучших волонтеров Кыргызстана";
7. Нуркалый Масалбеков — "Учителя будущего Кыргызстана";
8. Айана Матисаева — "2026 Boys for Boys" лагери;
9. Рамис Баянов — "Ата Мекен Баатырлары";
10. Кубанычбек Ашымов — "Жаш акын" кароо-сынагы.

Министрликтен билдиришкендей, демилгелер жаштардын руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарын бекемдөөгө жана интеллектуалдык, чыгармачылык дараметин ачууга багытталган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Гранттар жана кредиттер

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чолпон-Атада лыжа базасы жана 100 орундуу оорукана курулат

Токтогул көчөсүндө велосипед жолу курулууда

Кыргызстанга климаттык долбоорлор үчүн 30 млн доллар бөлүндү

Ысык-Көлдө 63 ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлдү

Чүйдө мыйзамсыз аңчылык үчүн жаранга айып салынды