Qazaq Air Алматы – Тамчы багыты боюнча биринчи авиакаттамды аткарды

Qazaq Air Алматы – Тамчы багыты боюнча биринчи авиакаттамды аткарды

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын 30-июнунда Алматыдан биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди.

Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы Алматы-Тамчы багыты боюнча 71 жүргүнчүсү менен «Ысык-Көл» аэропортуна конду. Ошондой эле Тамчы-Алматы багыты боюнча кайрадан 30 жүргүнчү учуп кетти.

Каттам жумасына 2 жолу аткарылат – жума жана дүйшөмбү күндөрү.

Аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча «МЭА» ААК авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Токмок шаарына 10 жаңы автобус сатылып алынды

Токмок шаарына 10 жаңы автобус сатылып алынды

Токмок шаарына 10 жаңы автобус алынып келди. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Токмокко 10 автобус тапшырылды. Жаңы автобустар үчүн маршруттук каттамдар чийилди.  Автобустун жол кире акысы 25 сомду түзөт. Автобустар ар 15 мүнөт сайын каттайт. Кыргызстандын экономика,

Россиядагы 194 кыргыз жаранына төлөнбөй келген эмгек акысы өндүрүлүп берилди

Россиядагы 194 кыргыз жаранына төлөнбөй келген эмгек акысы өндүрүлүп берилди

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФгы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарынын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо боюнча системалуу иштерди улантып, алардын Россиянын аймагындагы эмгек ишмердүүлүгүнө жана жүрүүсүнө байланышкан маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүдө. Министрликтин басма сөз кызматы, 2026-жылдын башынан бери өкулчүлүк тарабынан 194 жаранга мурда төлөнбөй калган эмгек акысы өндүрүлүп

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго капиталдык оңдоодон өтүүдө

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго капиталдык оңдоодон өтүүдө

Каракол шаарындагы Т. Сатылганов атындагы кыздар жана балдар мектеп-интернаты толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Учурда объектте капиталдык оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Имараттын

Юридикалык жактар августка чейин бенефициардык менчик ээлерин каттатышы керек

Юридикалык жактар августка чейин бенефициардык менчик ээлерин каттатышы керек

Юстиция министрлиги 1-мартка чейин мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр 1-августка чейин өздөрүнүн бенефициардык менчик ээлери тууралуу маалыматтарды каттоочу органга берүүгө милдеттүү экенин эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, бул талап Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги №257 токтомунда каралган. Маалыматтар Юстиция министрлигинин 30-апрелдеги буйругу менен бекитилген