Мамлекеттин кампасында 19.1 миң тонна буудай бар
![Мамлекеттин кампасында 19.1 миң тонна буудай бар](/content/images/size/w1200/2023/10/NazarNews_365897465750924028397904712536733046.jpg)
2023-жылдын 3-октябрына карата республика боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 19.1 миң тонна буудайды сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Такталгандай, буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, илешкектиги (клейковинасы) 23% кем эмес.
Мамлекеттик фонд мындан ары сатып алуу иштерин улантат.