Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселелери талкууланды

Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселелери талкууланды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын Экономика, эмгек жана туризм министрлигинин Стратегия, экономикалык укук, тышкы экономика жана Европа бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Юнг менен жолугушту. Бул тууралуу элчилик билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын ортосундагы экономиканын ар кайсы тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелери, анын ичинде туризм жана Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттары боюнча маалымат берип, кызматташтыкты кеңейтүү максатында эки өлкөнүн экономикасынын өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын ортосундагы экономикалык потенциал тууралуу мындан аркы байланыштарды бекемдеп, үзгүлтүксүз маалымат алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды

Нарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды

Нарын облусунда браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалым болгондой, министрликтин Нарын башкармалыгынын кызматкерлери 2025 аскер бөлүгүнүн чек арачылары менен биргеликте Ак-Сай-Арпа жайлоосунун "Сөөк" участкасында текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө жеке жарандын ок атуучу куралды уруксатсыз алып жүргөндүгү аныкталды. Жеринде акт түзүлүп, жаранга түшүндүрүү

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өттү

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өттү

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү жана ат чабыш боюнча мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, көк бөрү боюнча Ош облусунун жаштар чемпиондугу 3 күнгө созулуп, ага 7 команда катышты: Ноокат, Өзгөн-2, Кара-Суу, Ош шаары, Кара-Кулжа, Өзгөн-1 жана Алай. Мелдештер мэриянын колдоосу менен өткөрүлдү. Жыйынтыгында:

Ишкер Media
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

КРнын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана ИБР тобунун Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун келечеги талкууланды. Тараптар Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө ИБР тобунун кошкон олуттуу салымын белгилешти. Анын ичинде CASA-1000 эл

Ишкер Media
Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

5-октябрда Бишкекте көптөн күткөн заманбап «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Салтанат чоң концерттик программа менен коштолуп, ага ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөрпоздор катышты. Саамалыктын эсте каларлык жана толкунданткан учурларынын бири - мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун эл алдына чыгып, өлкө элин бул тарыхый окуя менен куттуктаганы болду. Президент

Ишкер Media