Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Лизинг жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров «КРнын Граждандык кодексине, «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө», «КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 7-мартында кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты өлкөдө лизинг сунуштоо шарттарын алга илгерилетүү, жеке адамдарга автоунааларды жана мото-транспортторду жеке пайдалануусу үчүн

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Лизинг жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров «КРнын Граждандык кодексине, «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө», «КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты өлкөдө лизинг сунуштоо шарттарын алга илгерилетүү, жеке адамдарга автоунааларды жана мото-транспортторду жеке пайдалануусу үчүн сатып алуу, ошондой эле лизинг рыногу инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү – сунуштоочулар катарын көбөйтүү, дилердик түйүндөр чөйрөсүн кеңейтүү, тейлөө компанияларын ачуу, камсыздандыруу шарттарын өркүндөтүү аркылуу лизингге керектүү унаа каражаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү болуп саналат.

Мыйзамда зайымдарды берүү боюнча кесиптик иши КРнын салык мыйзамдарына ылайык коммерциялык юридикалык жактын статусундагы экономикалык иштин салыктык каттоосунан милдеттүү тартипте өткөрүлүүгө тийиш экендиги каралган.

Мындан тышкары лизинг иши КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш экендиги белгиленген. Министрлер кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат (Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардан тышкары).

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More