Бишкекте электросамокаттарды коюу тартиби өзгөрөт

Бишкекте электросамокаттарды коюу тартиби өзгөрөт

Бишкек мэриясы электросамокаттарды атайын белгиленген жайлардан тышкары 3 сааттан ашык көчөдө калтыргандарды атайын сактоочу жайга жайгаштыруу сунушун киргизди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштырууну жөнгө салууга, эксплуатациялоого, сактоого жана  кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу болот деп айтылат. Ошондой эле, шаарда жеке мобилдүүлүк каражаттарын коюуга арналган так аймактар аныкталат, бул электросамокаттарды шаар боюнча ар кандай жайгаштырууну болтурбоо үчүн жасалат.

Мурунку токтомдо МинКаб самокаттардын ылдамдыгын саатына 25 км менен чектөөнү бекиткен.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

20-ноябрда Селекция айылында суу убактылуу өчүрүлөт

"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди

АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды: КРУБ КРда банк системасы туруктуу иштеп жатканын билдирди

Бишкекте майыптыгы бар адамдарды караган жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү