Айыл чарба тармагында коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт

Айыл чарба тармагында коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйын министрдин орун басары М.И. Дуйшеевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Ошондой эле коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл А.А. Алимбеков да катышты.

Иш-чара 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны, ошондой эле 2026–2027-жылдарга маалыматтык саясат программасын ишке ашыруу максатында уюштурулду. Мындан тышкары, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткарууга көңүл бурулду.

Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу, себептерин жоюу жана укук бузуулардын кесепеттери менен күрөшүү боюнча маалымат берилди. Ошондой эле коррупцияга каршы чараларды күчөтүү жана бул багытта бирдиктүү аракет көрүү боюнча сунуштар талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу