Бишкекте курулушта коопсуздук эрежесин бузган компанияга айып салынды

Бишкекте курулушта коопсуздук эрежесин бузган компанияга айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти видео кайрылуунун негизинде курулуш объектисинде ыкчам текшерүү жүргүздү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы Ахунбаев – Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 12 кабаттуу көп функционалдуу комплекстин курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.

Натыйжада курулуш материалдарынын бир бөлүгү жерге түшүп, курулуш аянтчасынын жанында токтоп турган автоунаанын алдыңкы бөлүгү жабыркаган. Окуя жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, бирок жабыркагандар болгон эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн “Беш-Сары К” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар