Дыйкандарга 2% менен насыя: сугат системаларына 500 млн сом бөлүндү

Дыйкандарга 2% менен насыя: сугат системаларына 500 млн сом бөлүндү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган жеңилдетилген насыя берүү программасы башталганын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, программа айыл чарбасында суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында ишке ашырылууда. Жалпы каржылоо көлөмү 500 млн сомду түзөт.

Программанын алкагында дыйкандар заманбап сугат системаларын, анын ичинде жамгырлатма жабдууларды сатып алып, орното алышат.

Насыя төмөнкү шарттар менен берилет:

  • пайыздык чен — жылына 2%
  • мөөнөтү — 7 жылга чейин
  • жеңилдетилген мезгил — 12 айга чейин
Арыз берүүчүлөрдү тандоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт. Насыялар "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААК аркылуу берилет.

Кенен маалымат алуу жана арыз берүү үчүн жарандар жергиликтүү бийлик органдарына кайрыла алышат.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу