Флорида штаты Д.Трамптын 10 млрд долларлык доосун четке какты

Флорида штаты Д.Трамптын  10 млрд долларлык доосун четке какты

Флорида штатынын округдук соту АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан "The Wall Street Journal" (WSJ), медиамагнат Руперт Мердок жана басылманын чыгаруучуларына каршы коюлган 10 миллиард долларлык доону четке какты.

Бул доо WSJ жарыялаган макалага байланыштуу берилген. Анда Дональд Трамп финансист Джеффри Эпштейнди туулган күнү менен куттуктап, коомго жат мүнөздөгү сүрөт менен коштолгон кат жөнөткөнү айтылган.

Соттун чечимине ылайык, Дональд Трамп макаланын "чыныгы жаман ниет менен" жарыяланганын далилдей алган жок — бул АКШ мыйзамында жалаа жабуу фактысын аныктоо үчүн керектүү юридикалык стандарт болуп саналат. Ошол эле учурда доогерге "өзгөртүлгөн доо арызын" кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилген.

2025-жылдын июль айында WSJ гезити Джеффри Эпштейнге арналган деп айтылган катты жарыялаган. Басылманын маалыматы боюнча, кат Дональд Трамптын колу коюлган жана анда аялдын сүрөтү тартылган. Катта: "Туулган күнүң менен — ар бир күн дагы бир сонун сыр болсун" деген жазуу болгон. Кийинчерээк бул кат финансисттин мураскерлери тарабынан Конгресстин мүчөлөрүнө берилген.

Дональд Трамп бул катты жазганын бир нече жолу четке каккан. 2025-жылдын жай айларында ал жалаа үчүн сотко кайрылып, "кат да, сүрөт да чыныгы эмес" деп билдирген. Ал эми макаланы "жалган, жаман ниеттүү, каралоочу, фейк жаңылык" деп атаган.

Мындан тышкары окуңуз

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге автоунааларды пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейд жүргүзүштү. Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө Чүйдө автотранспорттон зыяндуу заттарды ашык чыгарган 7 факты аныкталып, жалпы 68 миң сом айып салынды.

Ишкер Media
Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Учурда өлкөдө кант кызылчасы жыйналууда. Бул жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Буга байланыштуу "Ишкер Медиа" түшүм жыйноого кеткен чыгымдарды жана дыйкандар туш болгон кыйынчылыктарды билүү үчүн жеринен кабар алды. Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын өстүрүүдө жерди иштетүүдөн

Ишкер Media
Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media