Ноокенде 79 млн сомго жаңы оорукана курулду
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылында 79 млн сомго жаңы заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда имаратка эмеректер орнотулуп, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы аянты 1172 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат салынды. Ооруканада терапия, педиатрия жана төрөт бөлүмдөрү каралган. Ал заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат.
Белгилей кетсек, буга чейин пайдаланылып келген оорукана 1963-жылы курулуп, көп жылдар бою бейтаптарга кызмат көрсөтүп келген.