ӨКМ: нөшөрдөн улам сел жана көчкү коркунучу бар

ӨКМ: нөшөрдөн улам сел жана көчкү коркунучу бар

15-апрелден 17-апрелге чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым аймактарда дарыялардын нугунан чыгып кетүү коркунучу да бар.

Ошондой эле тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Айрыкча Бишкек — Ош унаа жолунун 121–138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198–250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), ошондой эле Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326–349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) көчкү коркунучу жогору.

Мындан тышкары, күрткү жаралып, жолдордо муз тоңуп, тайгалак болушу күтүлүүдө.

ӨКМ айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырып, жолдо бара жаткан автоунааларга 500 метр аралыкты кармоону сунуштайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар