Ошто автокраны оодарылган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Ошто автокраны оодарылган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы автокранга байланыштуу кырсык боюнча чара көрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, окуя Ош шаарынын Тилеке-Батыр көчөсү 4 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Жүк көтөрүүчү автокран электр трансформаторун көтөрүп жаткан учурда оодарылып кеткен.

Ыкчам текшерүүнүн жыйынтыгында курулушта техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаганы аныкталды. Натыйжада трансформатор жерге кулап, тосмо бузулуп, бастырма конструкциясы талкаланды. Автокрандын жебеси коңшу турак үйдүн аймагына түшкөн.

Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн “Найман Ийгилик” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды. Объект толугу менен калыбына келтирилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар