Өзгөндө алимент төлөбөгөн жаран 1 жылга соттолду

Өзгөндө алимент төлөбөгөн жаран 1 жылга соттолду

Өзгөн районунда алимент төлөөдөн баш тартып келген жаран 1 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, П.М. аттуу жаран соттун чечими менен балдарын багуу үчүн кирешесинин үчтөн бир бөлүгүн алимент катары төлөөгө милдеттендирилген.

Бирок сот аткаруучулар тарабынан бир нече жолу расмий эскертүүлөр берилгенине карабастан, ал милдеттенмелерин аткарган эмес. Натыйжада анын алимент боюнча карызы 279 миң 180 сомго жеткен.

Карызкор алимент төлөөдөн кыянаттык менен качып жүргөндүктөн, топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесине ылайык сотко өткөрүлгөн.

2026-жылдын 8-апрелинде Өзгөн райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар