Сокулукта ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди

Сокулукта ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди

Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Манас айыл өкмөтүндө ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктары толук камсыздалбай келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн негизинде прокуратура тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга балдарды жер тилкелери жана турак жай менен камсыз кылуу боюнча прокурордук акт киргизилди.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында "Семетей" жаңы конушунан 7 жетим бала жер тилкелери менен камсыз болду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесине жана Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда турак жай аянтын кезексиз алуу укугуна ээ.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар