Жалал облустук милициянын башчысынын орун басары кармалды
Жалал-Абад облустук ички итер башкармалыгынын орун басары К.К.И жана Т.А.Ж. аттуу тергөөчү кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери 170 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Кылмышка шектүүлөр, козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 2 миң доллар талап кылган.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалышты.