Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы жашыл өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо максатында комплекстүү дары чачуу иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар 25-апрелден тартып башталып, 15-майга чейин уланат. Бул иштер Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте аткарылууда.

Дары чачуу негизинен түнкү убакта жүргүзүлөт. Мындай ыкма шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоого жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин минималдаштырууга багытталган.

Бул иштерде адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтирбеген заманбап, коопсуз препараттар колдонулат.

Ошентсе да шаар тургундарына сак болуу сунушталат. Айрыкча дары чачуу жүрүп жаткан аймактарда убактылуу сейилдөөнү чектөө, ошондой эле химиялык заттарга аллергиясы бар жарандардын этият болушу маанилүү.

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Талас облусунун ишканалары 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга өстү. Өсүш негизинен пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайы жана электр энергиясы, газ

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Шопоков шаарында Чүй облусундагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган жаңы цистерналарды өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, цистерналар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган. Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттары

Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарына арналган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, электробустар шаардагы коомдук транспорт системасын жаңыртуу жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү максатында ишке киргизилүүдө. Алар үчүн керектүү кубаттоо станциялары жеткирилип, "

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банктын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда "Борбордук банктардын эл аралык резервдерди башкаруу процессиндеги фронт-офис, мидл-офис жана бэк-офис практикасы" темасында эл аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, иш-чараны Улуттук банк уюштуруп, модераторлук