Азык-түлүк курамы боюнча маалымат базасын түзүү маселеси талкууланды

Азык-түлүк курамы боюнча маалымат базасын түзүү маселеси талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде азык-түлүк курамы боюнча маалымат базаны өркүндөтүүгө арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн курамы боюнча бирдиктүү маалымат базаны түзүү жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды. Бул демилге AFACI эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана тамактануу саясатын илимий негизде өнүктүрүүгө багытталган.

Семинардын жүрүшүндө адистер маалыматтарды системалаштыруу, улуттук жана салттуу тамак-аштардын азыктык баалуулугун аныктоо, ошондой эле маалыматтарды санарип форматта иштеп чыгуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан маалымат базаны практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталып, анын тамак-аш тармагын өнүктүрүүдө, илимий изилдөөлөрдү колдоодо жана коомдук саламаттыкты жакшыртуудагы мааниси белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банктын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда "Борбордук банктардын эл аралык резервдерди башкаруу процессиндеги фронт-офис, мидл-офис жана бэк-офис практикасы" темасында эл аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, иш-чараны Улуттук банк уюштуруп, модераторлук

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанатына катышты. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Аземде Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берди. Мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон Кош-Дөбө №2 тоннелинин өтмөгү аяктады. Ал темир жол багытында өтмөгү толук аяктаган биринчи тоннель болду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда темир жол линиясындагы 28 тоннелде курулуш иштери жүрүп

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болуп, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 467,5 миң гектар дан эгиндери жыйналып, бул жалпы пландын