Орунтаев “Манас-Ордодогу” курулуш иштерин тездетүүнү талап кылды

Орунтаев “Манас-Ордодогу” курулуш иштерин тездетүүнү талап кылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 26-апрелде иш сапары менен Талас облусуна барып, аймакта ишке ашырылып жаткан ири курулуш долбоорлорунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Сапардын алкагында Талас шаарында жүргүзүлүп жаткан беш ири объекттин курулуш иштери каралды. Текшерүүнүн жүрүшүндө министр “Манас-Ордо” комплексиндеги реконструкция иштери белгиленген графиктен артта калып жатканын белгилеп, тиешелүү департаменттердин жетекчилерине жана курулуш компаниясына расмий эскертүү берди.

Министр курулуш иштерин тездетүү жана мөөнөттөрдү так сактоо зарылдыгын баса белгилеп, 10 күндүн ичинде ишти жандандырып, конкреттүү жыйынтык көрсөтүүнү тапшырды.

Долбоорго ылайык, “Манас-Ордо” комплексинде административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилде салынган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүчү борборлор курулууда. Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын камтыган галерея жана 3500 орундуу маданий-көпчүлүк иш-чаралар борбору каралган.

Комплекстин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоордун алкагында музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилет. Анда кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап ыкмада чагылдырылат.

Белгилей кетсек, “Манас-Ордо” комплекси акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө. Долбоор министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банктын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда "Борбордук банктардын эл аралык резервдерди башкаруу процессиндеги фронт-офис, мидл-офис жана бэк-офис практикасы" темасында эл аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, иш-чараны Улуттук банк уюштуруп, модераторлук

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанатына катышты. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Аземде Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берди. Мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон Кош-Дөбө №2 тоннелинин өтмөгү аяктады. Ал темир жол багытында өтмөгү толук аяктаган биринчи тоннель болду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда темир жол линиясындагы 28 тоннелде курулуш иштери жүрүп

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болуп, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 467,5 миң гектар дан эгиндери жыйналып, бул жалпы пландын