Сокулукта заманбап агрардык лаборатория ачылды

Сокулукта заманбап агрардык лаборатория ачылды

Сокулук районунун Фрунзе айылында Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтуна караштуу жаңыланган лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, лаборатория жайгашкан имарат толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап илимий борборго айланды. Долбоорду ишке ашырууга Түштүк Кореянын KOPIA борбору каржылык колдоо көрсөттү. Ошондой эле лаборатория Дүйнөлүк банк каржылаган “Агрардык бизнестин атаандаштык борбору” долбоорунун алкагында жаңы технологиялык жабдуулар менен камсыздалды.

Жаңыланган лабораторияда жайыттарды натыйжалуу башкаруу, тоют даярдоо жана алардын сапатын жакшыртуу боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул иштер мал чарбасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.

KOPIA борбору буга чейин да Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. Алардын катарына бодо малды жасалма уруктандыруу, сапаттуу үрөн жана тоют даярдоо, ошондой эле заманбап тоют системаларын киргизүү кирет.

Адистердин айтымында, жаңы лабораториянын ачылышы өлкөдөгү агрардык илимди өнүктүрүүдө жана айыл чарба тармагын модернизациялоодо маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банктын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда "Борбордук банктардын эл аралык резервдерди башкаруу процессиндеги фронт-офис, мидл-офис жана бэк-офис практикасы" темасында эл аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, иш-чараны Улуттук банк уюштуруп, модераторлук

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанатына катышты. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Аземде Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берди. Мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон Кош-Дөбө №2 тоннелинин өтмөгү аяктады. Ал темир жол багытында өтмөгү толук аяктаган биринчи тоннель болду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда темир жол линиясындагы 28 тоннелде курулуш иштери жүрүп

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болуп, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 467,5 миң гектар дан эгиндери жыйналып, бул жалпы пландын