МИК: “Социалдык ипотека” боюнча үйлөр баштапкы төлөмсүз берилет

МИК: “Социалдык ипотека” боюнча үйлөр баштапкы төлөмсүз берилет

“Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча турак жайлар жарандарга баштапкы төлөмсүз берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган программалар боюнча кезеги келген жарандар мурдагыдай эле 25 жылга чейин 4% жана 8% үстөк пайыз менен ипотекалык турак жай ала алышат.

Ошондой эле “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык насыя алган жарандар үчүн турак жай аянтына болгон чектөөлөр кайра каралды.

Жаңы тартипке ылайык, ипотека алган катышуучулар турак жай аянтын өз каражаттарынын эсебинен кеңейтүүгө жана күрөө предметин алмаштырууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул учурда МИК тарабынан кошумча каржылоо каралбайт.

Компания белгилегендей, баштапкы төлөм боюнча талаптар өнөктөш банктар аркылуу берилген ипотекалык каржылоого гана тиешелүү болот. Ал эми МИК аркылуу жогорудагы багыттар боюнча турак жайлар баштапкы төлөмсүз берилет.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Документ турак жай каржылоо системасын өнүктүрүүгө жана жарандардын жеңилдетилген шартта үй алуусуна шарт түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Кече Министрлер Кабинети “Акцияларды чыгарууну, акцияларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Билдирүүгө караганда, бекитилген жобо акцияларды чыгарууну, аларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тартибин белгилейт. Документ ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Tourism Expo Japan көргөзмөсүнүн алкагында Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү Yuji Hara жана Tadashi Shimura менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү, Кыргызстандын туристтик потенциалын жапон рыногунда илгерилетүү жана туристтик алмашууну көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда

Ишкер Media
Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты

Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты

Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев 24-25-сентябрда Вашингтондо Эл аралык валюта фонду уюштурган жогорку деңгээлдеги брифингге катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, брифингде борбордук банктын акча-кредит саясаты, финансы системасынын туруктуулугу жана институционалдык негизин бекемдөө маселелери талкууланды. Эл аралык резервдерди башкаруу, төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана борбордук

Ишкер Media
Токмокто таштандыны кеч чыгарган "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып салынды

Токмокто таштандыны кеч чыгарган "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып салынды

Токмок шаарында таштанды чыгаруу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалым болгондой, жарандардын кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада шаарда катуу тиричилик калдыктарын чогултууну "Экологист" ишканасы жүргүзөрү, анын балансында 5 атайын

Ишкер Media