Ататүрк сейил багындагы аттракциондордун ордуна эмне салынат?

Ататүрк сейил багындагы аттракциондордун ордуна эмне салынат?

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге Ататүрк паркынын аймагын кыдырып чыгып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Мэриянын маалыматына ылайык, паркты көрктөндүрүү жана коомдук мейкиндикти өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Азамат Кадыров белгилегендей, Ататүрк паркынын жаңы концепциясы аттракциондорсуз, жарандардын тынч эс алуусуна жана спорт менен машыгуусуна ылайыкташкан заманбап сейилдөө аймагын түзүүнү көздөйт.

Долбоордун алкагында йога менен машыгуу үчүн атайын аянтча, шахмат ойноо зонасы, узундугу болжол менен 3 чакырымды түзгөн веложолдор жана воркаут аянтчалары курулат.

Ошондой эле паркка кошумча 5 гектар жер кайтарылып берилип, ал аймакта дагы көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тилкеде ооган согушунун ардагерлерине арналган музей жана сейилдөө аймагы курулары пландалууда.

Мэриянын маалыматына караганда, парктагы жашыл аймактарды сактоого өзгөчө көңүл бурулууда. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде жалпы 14 миң көчөттүн ичинен 192 куураган дарак аныкталган. Муниципалитет дарактарды мүмкүн болушунча сактап калуу жана аймакты жашылдандыруу боюнча тиешелүү иштерди алып барууда.

Мындан тышкары, "Бермет" кафеси бекитилген дизайн-кодго ылайык ээлери тарабынан реконструкцияланат.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында парктын айланасына, жарык берүүчү мамыларга жана кесилиштерге видеокөзөмөл камераларын орнотуу да пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн