Бишкекте “GLOBAL HACKATOM Кыргызстан” эл аралык студенттик сынагы өтүп жатат

Бишкекте “GLOBAL HACKATOM Кыргызстан” эл аралык студенттик сынагы өтүп жатат

Күн мурун Бишкек шаарында Кыргыз-Орус Славян университетинде “GLOBAL HACKATOM Кыргызстан” аттуу эл аралык студенттик сынактын ачылышы болду. Иш-чара “Өмүр жана саламаттык үчүн ядролук технологиялар” темасына арналып, атом тармагындагы инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.

HackAtom — “Росатом” мамлекеттик корпорациясы жана анын өнөктөштөрү тарабынан уюштурулган эл аралык форматтагы интеллектуалдык мелдеш болуп саналат. Анын алкагында студенттик командалар 24 саат ичинде атомдук технологиялар жана медицина тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча өз чечимдерин сунушташат.

HackAtom жеңүүчүлөрү Екатеринбургдагы финалга жолдомо алышат

Иш-чаранын жүрүшүндө “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов бул чемпионат жаштарды инженердик жана илимий адистиктерге кызыктырууга багытталган эл аралык аянтча экенин белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан HackAtom сынагына быйыл биринчи жолу катышып жатат. Өткөн жылы чемпионатка 10 мамлекет катышса, быйыл алардын саны 15ке жеткен. Катышуучулардын катарына Кыргызстан, Сербия жана Түштүк Африка Республикасы да кошулган.

“Улуттук тандоонун жеңүүчүлөрү сентябрь айында Екатеринбург шаарында өтө турган эл аралык гранд-финалга жолдомо алышат. Финал Дүйнөлүк жаштар фестивалынын алкагында өтүп, катышуучулар үчүн чоң илимий жана билим берүү программасы даярдалат. Студенттер Россиядагы алдыңкы университеттер, лабораториялар жана дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат”, – деди Дмитрий Константинов.

Ошондой эле ал бүгүнкү иш-чарага Кыргыз-Орус Славян университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана “Ала-Тоо” эл аралык университетинин студенттери катышып жатканын белгилеп, кыргызстандык жаштардын илимге жана технологияга болгон кызыгуусу жылдан-жылга өсүп жатканын айтты.

“Кыргызстандын жаштары ар дайым активдүүлүгү менен айырмаланып келет. Ошондуктан эл аралык финалда дагы өлкөнүн атын татыктуу деңгээлде көрсөтөт деп ишенем”, – деп кошумчалады ал.

Ядролук медицина – саламаттык сактоонун келечектүү багыты

Иш-чарада Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев да сөз сүйлөп, ядролук медицинанын Кыргызстан үчүн келечектүү багыт экенин белгиледи.

Анын айтымында, 66 жылдан бери иштеп келе жаткан Улуттук онкология жана гематология борбору учурда республикадагы ядролук медицина багытында иш алып барган жалгыз мекеме болуп саналат.

“Бүгүнкү күндө ядролук медицина – дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагындагы эң маанилүү жана келечектүү багыттардын бири. Биз бул тармакты мындан ары дагы кеңейтип, заманбап технологияларды практикада көбүрөөк колдонууга аракет кылып жатабыз. Мындай долбоорлор жаш адистердин кызыгуусун арттырып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деди Нурбек Букуев.

Ошондой эле ал мурда Кыргызстанда ядролук медицина тууралуу түшүнүк аз болгонун, бүгүнкү күндө “Росатом” менен болгон кызматташтыктын аркасында бул багыт активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Нурбек Букуев иш-чарага Улуттук онкология жана гематология борборунун жаш адистери, кызматкерлери жана бүтүрүүчүлөрү да катышып жатканын айтып, мындай иш-чаралар өлкөдө ядролук медицинаны өнүктүрүүгө чоң салым кошорун билдирди.

“Биздин жаш адистер өтө билимдүү, прогрессивдүү жана келечеги кең жаштар. Алар эл аралык деңгээлде Кыргызстанды татыктуу көрсөтөт деп ишенем”, – деп кошумчалады ал.

Атомдук технологиялар өлкөнүн өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүк ачат

Кыргызстандагы “Орус үйүнүн” жетекчиси Альберт Зульхарнеев өз сөзүндө бүгүнкү күндө атомдук технологиялар энергетика менен гана чектелбестен, медицина, айыл чарба, транспорт жана космос тармактарында кеңири колдонулуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, атомдук технологиялардын өнүгүшү өлкөнүн жалпы өнүгүү деңгээлин жаңы баскычка чыгарып, илим менен технологиянын өсүшүнө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

“Эгер өлкөдө атомдук технологиялар жана бул тармакта иштей турган адистер болсо – бул мамлекеттин жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн билдирет. Бул жашоо сапатынын, илимдин жана технологиянын жогорку деңгээлине чыгуу деген сөз”, – деди Альберт Зульхарнеев.

Ошондой эле ал ядролук технологияларды өнүктүрүү үчүн өлкөдө саясий туруктуулук, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана жогорку экологиялык стандарттар болушу керектигин белгиледи.

Альберт Зульхарнеевдин айтымында, атомдук энергетика жана ядролук медицина сыяктуу ири долбоорлор узак мөөнөткө багытталып, кадрларды даярдоого, илимий базаны өнүктүрүүгө жана жаңы адистердин калыптанышына өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү жана тармактык жогорку окуу жайлардын эксперттери тарабынан лекциялар уюштурулуп, катышуучулар үчүн билим берүүчү аянтча түзүлдү. Ал эми бүгүн, 14-майда студенттик командалар өздөрүнүн кейстерин жана инновациялык долбоорлорун сунушташат.

Сынакка ар түрдүү багыттагы студенттерден түзүлгөн командалар катышууда. Командалардын курамына капитан, инженерлер, IT-адистер жана спикерлер кирип, алар долбоорлорунун негизги жыйынтыктарын коргошот.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги, КРСУнун өкүлдөрү, ошондой эле Россия Федерациясынан келген атомдук билим берүү жана медицина тармагындагы эксперттер катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн